Январь окуясы: 29 күч кызматкери кыйноого шектүү деп табылды

  • 1 год мурун

Укук коргоо органдарынын 29 кызматкери Январь окуялары учурунда кармалгандарды кыйноо боюнча шектүү деп табылган.

Бул тууралуу 7-ноябрда Башкы прокуратуранын өкүлү Елдос Килымжанов билдирди.

“Алматы менен Талдыкорган шаарларында тергөө учурунда уруксат берилбеген ыкмаларды колдонгону үчүн укук коргоо органдарынын сегиз кызматкеринин үстүнөн козголгон кылмыш иштери сотко жөнөтүлдү” деген Килымжанов “кыйноо” деген сөздү колдонгон жок.

Анын айтымында дагы 20 шектүү иштин материалдары менен таанышууда. Бир кызматкерге карата тергөө уланууда.

Буга чейин Алматы облусунда эле 25ге кишиге тергөө абагында ысытылган үтүк басылганы кабарланган.

Казакстанда Январь окуялары боюнча миңдеген киши кармалган. Кармалгандарын көбү тергөө абагында кыйноого кабылышканын билдиришкен. Тергөөчүлөр аларга кайнак суу куюп, ысыган үтүк басып, электрошокер менен кыйнап, тиштерин аттиш менен жулуп алышканы айтылган.

Өткөн аптада Казакстандын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эльвира Азимова кыйноо боюнча козголгон кылмыш иштеринин 80% токтотулганын билдирген.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, натыйжада миңдеген адамдар камакка алынган, 200дөн ашуун адам каза болгон. Курман болгондордун экөө кыргызстандык экени расмий айтылган. Кармалган он чакты кыргыз жараны көп өтпөй коё берилген.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты