Украин дрондору Wildberries кампаларына дагы чабуул койду

24-июлга караган түнү украин дрондору Орусиядагы Wildberries компаниясынын Санкт-Петербург, Ленинград облусу жана Симферополь шаарларындагы кампаларына чабуул койду. Бул тууралуу компания жана аймактык бийликтер билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым объектилерде өрт чыгып, үч адам жаракат алган. Коопсуздук максатында кызматкерлер эвакуацияланып, бир нече кампалардын иши убактылуу токтотулду.

Тверь шаарындагы логистикалык борборго да сокку урулганы айтылганы менен, бул маалымат расмий тастыктала элек.

Буга чейин украин дрондору Орусиянын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы кампаларына чабуул койгон.

Маалыматтарга караганда, үч адам жабыркаган.

18-июлда Wildberries маркетплейсинин дагы эки кампасына чабуул жасалып, анда сегиз адам каза болгону кабарланган. Жарадар болгон эки кыргызстандык ооруканага түшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты