Владимир Зеленский Орусия менен Минскиде жолугушууга каршы экендигин билдирди

Украинанын Президенти Владимир Зеленский Минск шаарында Украина менен Орусиянын жолугушуусуна каршы экендигин билдирди.

Төрт күн мурун Беларусь аймагынан ракеталар, самолеттер, вертолеттор, техника биз жакка учуп келип жатты.  Биздин үйлөрдү, биздин элди аткылашты. Оор техника кетти. Киевге таңкы саат 4тө чабуул коюшту.

Эгер сиздердин аймактан мындай чабуул болбогондо, биз Минскиде сүйлөшмөкпүз. Варшава, Братислава, Стамбул, Баку – биз Орусия тарапка ушул жактардан жолугушууну сунуш кылдык. Дегеле, башка кайсы шаар болбосун, аймагынан ракеталар учуп чыкпаган, башка шаарларда өткөрүүгө биз макулбуз.  Ошол жактарда гана сүйлөшүүлөр адилет болуп, согушту токтото алат.

Зеленский ошондой эле өткөн түн украиналыктар үчүн катаал, кайрадан атышуу, кайрадан турак жайларды, жарандык инфраструктураларды бомбардировкалоо болгонун билдирди.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Төрт күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты