ЖМК: Украинанын бир канча шаарында жардыруу болгону кабарланууда

  • 2 года мурун

Украинанын Киев, Краматорск, Одесса, Харьков жана Бердянск шаарларында жардыруунун үндөрү угулуп жатат. Бул тууралуу УНИАН маалымат агенттиги билдирди.

«24-февраль, таң эрте саат 5:00дөн кийин Киев баштаган бир катар шаарларда жардыруу болгону айтылууда. Краматорскто кеминде төрт жардыруу, Одессада, Харьковдо, Бердянскта күчтүү жардыруу болгону, Донбасста атышуу башталганы кабарланууда», — деп айтылат маалыматта.

Баш калаа Киевде дагы жардыруу болгонун тургундар кабарлашкан.

«Борисполь» аэропортунун айланасында дагы атышуу жана жардыруу болуп жатканы кабарланды», — деп жазат агенттик.

Буга чейин CNN телеканалынын корреспонденти Кларисса Уорд жардыруунун сериясын укканын билдирген.

Бүгүн, 24-январда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик оперция башталганын жарыялады. Ал оперциянын максаты Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу экенин жана «жайкын тургундарга каршы кандуу кылмыш кылгандарды» жазага тартуу экенин билдирди.

Фото: Иллюстрациялык сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты