Ван И кытай компанияларынын өкүлдөрүнө мыйзамды так сактоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 19-ноябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында белгиленди.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө тарыхый бийиктикте экенин, ал эми тышкы иштер министри Ван Инин ар бир сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча терең мазмун жана жаңы идеяларды камтыганын баса көрсөттү.

Бул контекстте мамлекет башчы практикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, атап айтканда темир жол жана автомобиль жолдорун курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ошондой эле көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу, биринчи кезекте ШКУнун алкагында жана «Борбордук Азия — Кытай» форматында чыңдалышын белгиледи.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И өз кезегинде Садыр Жапаровго Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди.

Ван И эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн, коңшулаштыктын жана кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады. Ошондой эле ал Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи.

Буга чейин,15-ноябрда, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылында айдоочулар арасында мушташ чыгып, 19 киши убактылуу жайга киргизилген. Мушташка кыргызстандык жана кытай жарандары катышкан.

Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде кытайлык жумушчуларга  байланыштуу талкуулар шайлоо алдында чагымчыл топтордун провокациясы экенин билдирди.  

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты