Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы массалык мушташ боюнча 16 киши кармалды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 15-ноябрда, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылында мушташ болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитети (УКМК) менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) менен бирге түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу барган.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, баштапкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө Константиновка айлынын четиндеги карьерден кум жана шагыл ташып бараткан эки компаниянын айдоочулары жолду бөлүшө албай, чыр чыгып, мушташка айланган.

Жаракат алгандардын бири – 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Медициналык маалыматтар боюнча, мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы, желке бөлүгүндө теринин ачтына кан куюлуу жана жумшак ткандардын көгөргөнү аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.  

Тергөөнүн жүрүшүндө окуянын катышуучулары аныкталып, 44 адам тергөө жүргүзүү үчүн Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Алардын ичинен 19 киши кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин тартибине ылайык кармалып, убактылуу жайга киргизилди.

Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы массалык мушташ боюнча 16 киши кармалды
Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы массалык мушташ боюнча 16 киши кармалды
Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы массалык мушташ боюнча 16 киши кармалды
Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы массалык мушташ боюнча 16 киши кармалды
Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы массалык мушташ боюнча 16 киши кармалды
Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы массалык мушташ боюнча 16 киши кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы жана Чүй ОИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты