Президент кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар провокация экенин айтты

  • 7 месяцев мурун

Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде кытайлык жумушчуларга  байланыштуу талкуулар шайлоо алдында чагымчыл топтордун провокациясы экенин айтты.   

-Биринчиден, ачык айтышыбыз керек, бул провокация болуп жатат. Шайлоого жакын бир нерсе уюштуралы деген чагымчыл топтор бар. Алардын баарын билебиз. Азырынча сыртынан көз салып гана турабыз. Эгер катуу кетип бара жатышса, камалышат. Анан “Бизди жөн эле камап салышты” деп кыйкырып чыгышат. Башка шылтоолору жок, болгону электр энергиясы менен кытайлар,-деди Садыр Жапаров. 

-Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок.

Экинчиден, албетте, чет өлкөлүктөрдү жетиштүү түрдө эле эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө күч жетиштүү. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот.

Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок. Кечээги окуядан кийин Кытайдан чоң-чоң долбоорлор боюнча келип, иштеп жаткан чет өлкөлүктөргө: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү бердик, -деди президент.

Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт,-деп белгиледи Жапаров.

-Ошондой эле сырттан жумушчу чакырбай долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн эместигин белгиледи:

-Эгер Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун өзүбүз курабыз десек, анда 30 жылда да бүтпөйбүз. Ооба, биз өзүбүз Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун салып жатабыз. Бирок, бул жол түз жерге салынып жатат. Биздин адистер азырынча бул жолду салууда тажрыйба топтоп, үйрөнүп жатышат.

Мындан сырткары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунда да биздин адистер аралашып иштеп жүрүшөт. “Үйрөнгүлө” деп атайын аралаштырдык, үйрөнүп, тажрыйба топтоп жатышат. Кийин өзүбүздүн адистер пайда болгондо анан “өзүбүз курабыз” деп кыйкырып чыксак жарашат. Азырынча эрте. Анын үстүнө бизде технология да жетишсиз. Тоо теше турган, тоолордун арасына көпүрөлөрдү сала турган жана башка заманбап техникаларыбыз жокко эсе, -деди президент.

Буга чейин,15-ноябрда, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылында айдоочулар арасында мушташ чыгып, 19 киши убактылуу жайга киргизилген. Мушташка кыргызстандык жана кытай жарандары катышкан.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты