«Вагнер» катарына жаңы адамдарды тартууну «убактылуу токтотконун» билдирди

  • 8 месяцев мурун

«Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жоочуларынын жакындары үчүн ачылган чатта курамга жаңы адамдарды тартуу иши убактылуу токтотулганы жөнүндө билдирүү жарыяланды. Бул тууралуу «Агентство» басылмасы кабарлады.

«Урматтуу компаниянын кызматкерлери, аскерлердин туугандары жана чаттын катышуучулары!!! Акыркы окуяларга байланыштуу компанияга жаңы адамдарды алуу иши убактылуу токтотулду. Резервге жазылуу үчүн колл-борборго чалыңыздар» деп жазды 13 миңден ашык катталуучусу бар чаттын администратору.

23-августта «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин Тверь облусундагы авиакырсыкта каза болгон. Бул окуядан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги «Вагнер» компаниясынын Сириядагы жана Африкадагы ишмердүүлүгүн өз көзөмөлүнө алууга даярдык көрүп жатканы кабарланган. Бүгүнкү күндө Беларуста ачылган лагерлердеги вагнерчилердин тагдыры белгисиз бойдон калууда.

«Вагнердин» Москвага куралдуу жүрүшү аяктап, негизги күчтөрү Беларуска жөнөтүлгөндөн кийин Пригожин курамга жаңы адамдарды тартуу убактылуу токтогонун билдирген. Бирок августта «Важные истории» басылмасы Орусиянын аймактарында «Вагнерге» үгүттөө иши уланып жатканын жазган.

Буга чейин «Агентство» басылмасы «Вагнердин» жоочуларынын жакындары айлыктары өз убагында берилбегенине жана айрым шаарларда кассалар жабык турганына даттанып жатышканын кабарлаган.

Сүрөт: Вагнерчилердин Беларустагы лагери. AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты