Орусиянын тергөө комитети Евгений Пригожиндин өлүмүн тастыктады
- 1 год мурун
Орусиянын тергөө комитети «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин өлүмүн тастыктады.
Ведомство Тверь облусундагы учак кырсыгынан каза болгон 10 адамдын, анын ичинде үч экипаждын бардыгынын тек-жайы такталганын билдирди.
Тергөө азырынча кырсыктын негизги версиясы боюнча маалымат бере элек. Телеграм каналдарда жана маалымат каражаттарында бортто жардыруу болгон же абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөн деген ар кандай божомолдор жазылууда.
Кремль учак кырсыгына орус бийлигинин тиешеси жок экенин билдирген.
Пригожин колдонгон Embraer жеке учагы 23-августта Москвадан Санкт-Петербургга учуп бара жаткан. Борт кыйрап, ичиндеги он адамдын баары күйүп кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгон.
Сүрөттө: Евгений Пригожин. AFP.