Жарлык: Ниязбековго, Шабданбековго жана башкаларга жогорку аскердик жана атайын наам ыйгарылды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бүгүн, 23-февралда, бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдар ыйгарылды.  

-Ички ишетр министри Улан Ниязбековго милициянын генерал-полковниги жогорку атайын наамы;

-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековго генерал-лейтенант жогорку аскердик наамы;

Генерал-майор жогорку аскердик наамы:

-УКМК төрагасынын орун басары Акылбек Намазовго;

-УКМК төрагасынын орун басары Уранбек Шадыбековго;

-Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Тариэл Отонбаевге;

-Коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Шаршеевге;

-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы Талантбек Талиповго;

УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевге генерал-майор жогорку аскердик наамы;

-Башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты