«УТРКга устун болду». Мырзакул Мамбеталиев менен коштошуу  

Белгилүү журналист, Улуттук телерадио корпорациянын «Котормо» студиясынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси Мырзакул Мамбеталиев менен коштошуу бүгүн, 18-сентябрда, Улуттук телерадио корпорациясында өттү.   

Мырзакул Мамбеталиев 17-сентябрда 63 жашында дүйнөдөн кайтты.

Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылы 20-февралда Чүй облусунун Кош-Коргон айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн 1981-жылы аяктаган. 1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин «Ала-Тоо» студиясында, социалдык-экономикалык студиясында продюсер, Улуттук каналдын вице-президенти болгон. Акыркы жылдары «Котормо» студиясын жетектеп турган. Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгынын урматына «Даңк» медалы менен сыйланган. 

Мырзакул Мамбеталиев менен коштошуу зыйнатына келген кесиптештери, жолдоштору, ага-туугандары анын татыктуу өмүр жолунан коштошуу сөзүн айтышты.

Улуттук телерадио корпорациянын башкы директору Кайрат Иманалиев Мамбеталиевдин уюштуруучулук, жетекчилик сапаттарын белгиледи:

«Адамдын көзү тирүү кезинде аны анчалык этибарга ала бербейт экенбиз. Азыр карасак, Мырзакул Мамбеталиевдин өтө чоң орду бар экен. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан бери акыркы демине чейин, 41 жыл бир жерде, Кыргыз телерадио корпорациясында иштеп келиптир. Кийинки кезде ал көркөм котормо жаатын аркалады. Анын уюштуруучулук, жетекчилик мыкты сапаттарын айрыкча белгилеп кетели» деди Иманалиев.

Ал эми белгилүү журналист Байма Сутенова аны УТРКнын устуну болчу деп айтты.

-Кээде «сен эмне, устун болмок белең?» деп айтып калабыз го, Мырзакул Мамбеталиев Улуттук телерадиокорпорациянын устуну болуп келди десе болот. Аябай билимдүү, тартиптүү, отурган жерин да таптаза кылып отурчу. Башкалардан да ошону талып кылчу. Акылмандыгы, бар эле, кадыр-баркы, харизмасы, каниетчилиги бар эле. Жүрөгү ооруп, операция болгондо ооруканада кесиптештери, баарыбыз тикебизден тик турдук эле. Күлүп чыгып келгенде, бизге да ыраазы болуп, биз да кубандык эле. Эми анын калдайып басып жүргөн карааны бизге жетишпейт,- деди Сутенова.

Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев анын өзгөчөлөнгөн сапаттары тууралуу сөз кылды:

-УТРКга сындар айтылат. Мырзакул калыс болчу, сабырдуу, токтоо, салабаттуу болчу. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, ал УТРКдан көгөрүп-өстү,- деди.

Ал эми курсташтарынын атынан сөз сүйлөгөн Жумагазы Садыр уулу мындай деди:

-Биз, курсташтар, кырчын курагыбыздан окуубуздун акыбети кайтып, бир жерде татыктуу иштесек, татыктуу журналист болсок деп кыялданаар элек. Мырзакулдун өмүрүнөн биз ошол кыялдарыбыздын ишке ашканын көрдүк,- деди.

УТРКнын экс-жетекчиси Кубат Оторбаев 2010-жылы жетекчи болуп келгенде аны менен бир тандем болуп ийгиликтүү иштешкенин баса белгиледи:

-2010-жылы УТРКга жетекчи болуп келгенде, жаңы жерде, жаңы кызматта көп нерсени биле бербейсиң, Мырзакул Мамбеталиев менен тандем болуп, жемиштүү иштедик. Ошол кезде «Ой ордо», «Акыл ордо», «Сармерден», «Баластан» сыяктуу берүүлөр уюштурулуп, азыркы кезге чейин иштеп жатат. Мырзакул Мамбеталиев терең билимдүү, көрөгөч, акылман адам экенин билдим. Каккан казыктай, жоокердей болуп иштеди,- деди Кубат Оторбаев.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов, кесиптеши Бөлөкбай Шеримбеков анын өмүр жолунан учкай айтып өтүштү. Ал эии Мырзакул Мамбеталиевдин уулу Талант «УТРК атамдын экинчи үйү эле» деди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты