Садыр Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясына барды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Маалыматта йтылгандай, Садыр Жапаров 2023-жылы УТРКнын инфратүзүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 307 млн сом бөлүү тапшырмасын берген.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында радио борбордун, редакциялык жана көркөм цех корпустары, административдик блоктун жана аппараттык-студиялык комплекстин фасады толук жаңыланган. Ички бөлмөлөрдө да олуттуу өзгөрүүлөр болду: ашкана кеңейтилди, ал эми он жылдан ашык пайдаланылбай келген эски кинозал заманбап көп функциялуу конференция залына айландырылды. Ошондой эле ардактуу конокторду кабыл алуу үчүн VIP-бөлмө жаңыланган.

Мамлекет башчы УТРКнын жаңыланган инфратүзүмү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, түз эфир жана үн жаздыруу студияларын, ошондой эле классикалык обондорду жаздыруу үчүн залды көрүп чыгып, анда А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин аткаруусундагы чыгарманы укту.

УТРКнын башкы директору Улан Сатиев учурда студияны модернизациялоо жана залдын акустикасын жакшыртуу зарылдыгын билдирди.

Мамлекет башчы чыгармачыл жамаат менен баарлашып, аларды кесиптик майрамы — Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Бүгүн, 8-декабрда, радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.

Садыр Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясына барды
Садыр Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясына барды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты