Белгилүү журналист Мырзакул Мамбеталиев 63 жашында дүйнөдөн кайтты

  • 2 года мурун

Белгилүү журналист Мырзакул Мамбеталиев 63 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын сайтына жарыяланды.

Ал аталган корпорациянын котормо студиясынын продюсери болуп иштеген.

Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин «Ала-Тоо» студиясында, социалдык-экономикалык студиясында продюсер, Улуттук каналдын вице-президенти болгон. Акыркы жылдары «Котормо» студиясын жетектеп турган. Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгынын урматына мамлекеттик жогорку сыйлык «Даңк» медалы менен сыйланган. 

«ПолитКлиника» медиасы Мырзакул Мамбеталиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты