Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты 10-июнда өтөт

  • 1 месяц мурун

Экс-ички иштер министри, экс-прокурор, экс-депутат, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаев менен  коштошуу зыйнаты 10-июнда өтөт.

Бул тууралуу Ички иштер министри (ИИМ) билдирди.  

Мыктыбек Юсупович өмүрүнүн көп жылдарын кыргыз элине кызмат кылууга арнап, жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалап, мамлекеттик башкаруу тутумун жана ички иштер органдарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон.

Коштошуу зыйнаты 2026-жылдын 10-июнунда саат 10:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев 73 жашында көз жумду.

Бийлик өкүлдөрү коомдук жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаевдин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты 10-июнда өтөт

Сүрөт: ИИМ

Баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты