USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө 8 млн сомдон ашык акча бөлдү

  • 2 года мурун

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги  (USAID) бөлүп берген каражат (100 миң АКШ доллары) Баткен облусунда жер которгон 400дөй үй-бүлөгө берилет. Бул каражаттар Баткен облусундагы чек ара кагылышууларынан жапа чеккен кыргызстандыктардын шашылыш гуманитардык муктаждыктарын канааттандырууга багытталат. 

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор Федерациясы бул көп максаттуу акчалай жардамды жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн таратат.

«Бул каржылоо Америка элинен Кыргыз Республикасынын элине колдоо. Биз Баткендеги жүздөгөн үй-бүлөлөр дуушар болгон кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жардам берген эл аралык гуманитардык аракеттерге өз салымыбызды кошуп жатабыз”,- деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Буга чейин USAID ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому аркылуу 1000 гигиеналык комплектилерин да берген болчу. Ал комплектилер 5 миң адамдын, анын ичинде Баткен облусундагы 2 миң баланын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдолуп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Министрлер кабинети  Баткенге жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдаган.  

Сүрөт: Элчиликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты