Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Аклбек Жапаров Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

Учурда жеринде объекттерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтерлор, атайын техникалар тартылган.

«Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, анда тийиштүү инфраструктура каралып, таза суу, асфальт жолдор менен камсыз болуп, көчөлөр жарыктандырылат. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек» деди Акылбек Жапаров жана тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Ак-Сай айылында Министрлер Кабинетинин Төрагасы талкаланган мектептин имаратын көрүп чыкты.

Балдардын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров талкаланган канаттуулар фермасын көрүп чыкты.

Ал белгилегендей, мамлекеттик финансы институттары өндүрүштү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды бөлөт.

Баткен шаарында Министрлер кабинетинин башчысы куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондорду эскерди. Курман болгондорго арналып куран окулду.

Ушул тушта Баткенде жумушчу сапар менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган облуска жалпысынан үч миллиард сом бөлүнгөнүн «Азаттыкка» билдирди.

Эртең, 1-октябрда куралдуу баскынчылыктын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган Баткен жана Ош облустарындагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты