Улуттук шахмат академиясынын расмий ачылышы болду
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар, Фоторепортаж
Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясынын ачылышы 13-сентябрда өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.
Маалыматта айтылгандай, кадемиянын негизги максаты — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды системалуу даярдоо, талантуу жаштарды таап, колдоо көрсөтүү жана өлкөдөгү шахмат кыймылын андан ары өнүктүрүү.
МинКаб башчысы шахматчылардын ата-энелери менен баарлашып, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүшү үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өлкөнүн 500 мектебинде 3-5-класстын окуучулары үчүн «Мектепте шахмат» долбоору пилоттук режимде ишке ашырылууда.
«Бүгүн Улуттук шахмат академиясы өз ишмердүүлүгүн баштады. Ал талантуу шахматчыларды даярдоонун маанилүү борборуна айланып, Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтө ала турган спортчулардын жаңы муунун калыптандырууга салым кошот деп ишенем» деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев борбордук шахмат тактасында символикалык биринчи жүрүштү жасап, уюмдун ишин расмий ачты.
Жаңы академия жаш шахматчыларды окутуу жана даярдоо, машыгууларды жана мелдештерди өткөрүү үчүн аянтча болуп, Кыргыз Республикасында шахмат спортун андан ары өнүктүрүүгө кызмат кылат.
Буга чейин Президент Садыр Жапаров Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө жарлыкка кол койду.
Ошондой эле Шахмат союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу жайылтуу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык. Кыргыз шахмат союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү тапшырмасы берилди. Кыргыз Республикасындагы 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдеринде кошумча билим берүү – «Мектептердеги шахмат» долбоору пилоттук режимде киргизилет.
Жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Шахмат Союзунун сунушу менен тапшырылуучу «Жылдын мыкты шахматчысы», «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» деген атайын президенттик сыйлык уюштуруу каралды.



Сүрөттөр: gov.kg




