Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт. Шахмат 3-5-класстарга кошумча сабак катары киргизилет
- 1 месяц мурун
Шахмат союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт. 500 мектепте кошумча билим берүү катары “Мектептердеги шахмат” пилоттук долбоору киргизилет. Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Кыргыз шахмат союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү тапшырмасы берилди. Кыргыз Республикасындагы 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдеринде кошумча билим берүү – «Мектептердеги шахмат» долбоорун пилоттук режимде киргизилет.
Жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Шахмат Союзунун сунушу менен тапшырылуучу «Жылдын мыкты шахматчысы», «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» деген атайын президенттик сыйлык уюштуруу каралды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




