Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин сайтында айтылат.
Жарлыктын максаты эл аралык класстагы шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап базаны түзүү, шыктуу спортчуларды системалуу колдоо болуп саналат.
Жарлык менен «Кыргыз шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы» мекемесин түзүү жөнүндө «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин демилгесин колдоого алуу;
Жогорку спорттук натыйжаларды көрсөткөн спортчуларга, ошондой эле машыктыруучуларга эл аралык мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, инвентарь сатып алуу жана «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык кесиптик өнүгүүгө байланышкан башка маселелерди чечүү үчүн сыйлоо түрүндө мамлекеттик колдоо чаралары белгиленген.
Заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана популярдаштырууга көмөктөшүү үчүн президенттин фондунан 100 миллион сом бөлүү менен Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү каралган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




