Украинадагы согушта теги кыргызстандык дагы бир жоокер каза тапты

  • 2 года мурун

Украинадагы согушта дагы бир теги кыргызстандык, Орусиянын жарандыгын алган, контракттык кызматтын жоокери Рустам Зарифулин каза таптканы белгилүү болду. Анын сөөгү бүгүн, 26-мартта, эртең менен Кыргызстанга алынып келинди.

Рустам Зарифулин Украинанын Харьков облусунун Изюм шаарындагы аскер операциясында баатырларча курман болгондугу белгиленди. Ал 1996-жылы 26-мартта туулган.  

Атасы Равил Зарифулин ЖМКга маалымдагандай, Рустам алардын жалгыз уулу болгон. Свердлов облусунда кызмат өтөп, кийин контракттык негизде кызмат өтөй баштаган.

Рустам Зарифулин менен коштошуу эртең, 27-мартта, Чүй облусунун Жайыл районунда болору маалымдалды.

Украинадагы согушта буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев көз жумган.

Сүрөт: Turmush kg.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты