Украинада каза тапкан Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн жерге берилди
- 2 года мурун
- Видео
Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн жерге берилди.
Маркумдун сөөгү кечээ, 24-мартта туулуп- өскөн Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына жеткирилген.
Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.
Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.
Булак: Азаттык.
Сүрөт: RFE/RL
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!