Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү жерге берилди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-мартта, Украинадагы согушта курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулин Чүй облусунун Жайыл районунда жерге берилди.           

Орусиянын жарандыгын алган, контракттык кызматтын жоокери Рустам Зарифулиндин сөөгү 26-мартта Кыргызстанга алынып келинген.

Рустам Зарифулин Украинанын Харьков облусунун Изюм шаарындагы согушта курман болгондугу маалым болгон. Ал 1996-жылы 26-мартта Кыргызстанда туулган жана өсүп-чоңойгон.  

Украинадагы согушта буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев көз жумган.

Сүрөт: Kloop kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты