Украина КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы парадга барышын айыптады

  • 11 месяцев мурун

Украинанын тышкы иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына барышын –  “өзүнүн жашоосу жана эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан украин элине карата карасанатай кадамдеп атады.

Билдирүүдө парадда Украинага каршы агрессивдүү согушка катышып жаткан орусиялык аскердик техника көрсөтүлгөнү айтылган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Орусия президенти Владимир Путин “украиндердин өлтүрүлүшүн, Украинанын шаарлары менен айылдарынын талкаланышын, украиналык балдардын уурдалышын жана оккупацияланган украин аймактарынын тургундарына каршы репрессияларды актаганы ” белгиленген.

«Иш-чаранын алдында Орусия Украинага 25 канаттуу ракетасын кое берүү менен дагы көп курмандыктарга жана кыйроолорго тушуктурду» деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө Борбор Азия жана Кавказ элдери 78 жыл мурда нацизмди жеңүүгө баа жеткис салым кошкону айтылат.

9-майда Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул жолу Москвадагы парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына чет элдик лидерлер көп барбай калган. Былтыр кошуна өлкөсүнө каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты