Садыр Жапаров ардактуу конок катары Москвада аскердик парадга катышты

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Орусияга расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты.

«Салтанаттуу жүрүшкө 30 параддык эсепте 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты. Жеңиш парады аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров жана Россиянын Президенти Владимир Путин, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Александр бакчасындагы Белгисиз солдаттын бейитине гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине  таазим кылышты» деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Айта кетсек, Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка Кыргызстандан 365 миңден ашуун адам аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес.

Мурдагы советтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам быйыл “Өлбөс полк” жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен. Кыргызстанда Жеңиштин 78 жылдыгынын урматына “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты