УКМКнын алдында акцияга чыккандар Ураимовдун бошотулушун талап кылышты

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимовдун бошотулушун талап кылган акцияда ондогон адамдар “Ураимовго — боштондук!” деп кыйкырып турушту.

Жогорку Кеңештин 9-10-февралдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары партия мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча маселени көтөрүп, укук коргоо органдарынын ишин сынга алды.

УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты