УКМК: Мирлан Ураимов бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси боюнча шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Ураимов ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде 8-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мекеме жарандарды социалдык тармактарга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган, Конституцияга каршы чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырды.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары 8-февралда анын үйүндө тинтүү жүргөнүн, ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты