“УКМК жетекчилигине кол салуу планын иштеп чыккан”. Руслан Дүйшеев аттуу жаран кармалды
- 3 недели мурун
- Видео
16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн, Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коен» же «Руслан Бостери» деген каймана аты бар Руслан Дүйшеев кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалматта айтылгандай, Руслан Дүйшеев Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон.
“Ошондой эле колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн Р. Дүйшеев УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан” деп айтылат билдирүүдө.
Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен Дүйшеевге уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашырынып жүргөн башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Атайын кызмат өткөн жыоы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы