УКМК: Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнековдун жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган  Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталгандыгы айтылат.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталууда.  

2022-жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып келе жатат.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөт: Равшан Жээнбековдун мамлекеттин менчигине алынган жер тилкеси. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты