УКМК: «Мелис Аспеков элдин оюн адаштырууга аракет кылып жатат»

  • 8 месяцев мурун

Социалдык тармактарда жана интернет булактарында Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экендиги жана анын кармалып алынган акча каражаттарын кайтарып берүү менен далилденгени тууралуу маалымат таратканына байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жооп берди.

УКМКнын маалыматында мындай деп айтылат:

«2021-жылдын январь айында УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевге өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон, андан кийин кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө, Аспеков менен Жураев өзүн Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары көрсөтүп, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң АКШ долларын опузалап алышканын, ошол эле учурда мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары тарабынан текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштура турганын айтып коркутушкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен М.Аспеков менен У.Жураевге карата кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлүп, 2022-жылдын 23-мартындагы өкүм менен ал опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган, ошол эле учурда жалпы режимдеги колонияда өтөө менен 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган.

Мелис Аспековдун бул өкүмүнө жана анын баш коргоо чарасына макул болбогондуктан, өкүм Бишкек шаардык сотуна даттанылган, 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиясынын чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган, бирок эркинен ажыратуу мөөнөтү 1 жылга кыскартылып, 6 жылга эркинен ажыратуу менен акыркы жаза белгиленген.

М.Аспековго кайтарылган акча боюнча айтсак, ал тинтүү учурунда табылып алынып, буюм далилдери болуп саналган эмес жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болгон жана айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык ага кайтарылган.

Мелис Аспеков, опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлөнүп жана соттолгон, күнөөсүздүк үчүн ага таандык мүлктү ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн контекстинде талкуулоого болбойт, «УКМК акчамды кайтарды деген фактысын ачыкка чыгарабыз» деген үмүт менен коомчулукту атайылап адаштырууга аракет кылууда. Кылмышкер Мелис Аспековдун фактыларды алмаштыруу менен өзү жөнүндөгү коомдук пикирди өзгөртүүгө, ага кандайдыр бир деңгээлде болсо да көңүл бурууга жана жасаган кылмыш ишине ойдон чыгарылган саясий баа берүүгө болгон курулай аракеттери ачык көрүнүп турат» деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Алдамчылык жана опузалоо беренелери боюнча айыпталган активист Мелис Аспеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармоо учурунда андан алынган 10 миң доллар жана 15 миң сомун кайтарып бергенин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген..  

“Мага ГКНБ 10 миң $ жана 15 мин сом кайрып берди. Бул каражатты мени Дашков боюнча мыйзамсыз кармап жатканда оз ыктыярым менен бергем. Мени каралаган видеодо ушул акчаларды мен пара менен кармалгандай, атайын видеого көргөзүшкөн. Мага бул каражатты кайрып бергени, мен 100% күнөөм жок, мен 100% эч кимди опузалаган эместигимди билдирет. Мен күнөөлүү болсом бул каражат Дашковго “вещественный доказательство” болуп берилмек, туурабы?

Дагы бир ирет кайталаймын: мени эч ким “с поличным” кармаган эмес. Токулган иште бир сом жок “вещ. док.” катары, мен күнөөлүү экенимди тергөөчү жана сот далилдеп бере алган жок” -деп билдирген Мелис Аспеков.  

Опузалоо беренеси менен алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков президенттин ырайымы менен абактан бошотулган.

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган..Мелис Аспековдун бул өкүмүнө жана анын баш коргоо чарасына макул болбогондуктан, өкүм Бишкек шаардык сотуна даттанылган, 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиясынын чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган, бирок эркинен ажыратуу мөөнөтү 1 жылга кыскартылып, 6 жылга эркинен ажыратуу менен акыркы жаза белгиленген.

Сүрөттө: Мелис Аспеков. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты