Опузалоо боюнча айыпталган Мелис Аспеков анын 10 миң доллар жана 15 миң сому кайтарылып берилгенин билдирди  

  • 8 месяцев мурун

Алдамчылык жана опузалоо беренелери боюнча айыпталган активист Мелис Аспеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармоо учурунда андан алынган 10 миң доллар жана 15 миң сомун кайтарып бергенин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

«Мага ГКНБ 10 миң $ жана 15 мин сом кайрып берди. Бул каражатты мени Дашков боюнча мыйзамсыз кармап жатканда оз ыктыярым менен бергем. Мени каралаган видеодо ушул акчаларды мен пара менен кармалгандай, атайын видеого көргөзүшкөн. Мага бул каражатты кайрып бергени, мен 100% күнөөм жок, мен 100% эч кимди опузалаган эместигимди билдирет. Мен күнөөлүү болсом бул каражат Дашковго “вещественный доказательство” болуп берилмек, туурабы?

Дагы бир ирет кайталаймын: мени эч ким “с поличным” кармаган эмес. Токулган иште бир сом жок “вещ. док.” катары, мен күнөөлүү экенимди тергөөчү жана сот далилдеп бере алган жок» -деп жазды Мелис Аспеков.  

Ал 10 миң $ жана 15 миң сом каражатын толук алганы тууралуу УКМКга тил кат жазып бергенин да кошумчалады.  

Опузалоо беренеси менен алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков президенттин ырайымы менен абактан бошотулган.

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты