УКМК кызматкерлери үчүн Ысык-Көл облусунда дагы бир үйдүн курулушу аяктады

  • 3 года мурун

2021-жылдын 4-ноябрында Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери үчүн 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Квартираларды пайдаланууга берүү аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.Ташиев,  Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.Жумадылов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ардагерлер катышты.

Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы “Бает жаштары” ЖЧКсы жүргүздү.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үй 3-ноябрда пайдаланууга берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты