УКМК кызматкерлери үчүн Ысык-Көл облусунда үй курулду
- 3 года мурун
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктап, 3-ноябрда пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Көрсөтүлгөн квартираларды пайдаланууга берүү аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.Ташиев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Р. Мейматкулов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ардагерлер катышты.
Кызматтык үйдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүздү.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү