УКМК кримтөбөл Рысбек Акматбаевди өлтүрүү кылмышынын бети ачылганын билдирди

  • 8 месяцев мурун

Кримавторитет Рысбек Акматбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, көп жыл мурун болгон криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевди өлтүрүү кылмышынын бети ачылды.

2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Рысбек Акматбаевге кол салышкан, Акматбаев башына жана көкүрөгүнө тийген көптөгөн октон алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Ошол учурда укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, киши өлтүрүүнү бир кылмышкер жасаган, ал беткап кийип Акматбаевди “Калашников” автоматынан атып, андан соң унаага түшүп, Бишкек шаары багытын көздөй из жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Киши өлтүрүү” (1997-ж. редакциясы) боюнча кылмыш иши козголгон, ал белгисиз себептер менен ушул убакка чейин ачылбай келген.

Бирок, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.Акматбаевди өлтүрүүнү маркум Камчы Көлбаев, А.Анапияев, Б.Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана М.Раимбеков (“Рэмбо” аты менен белгилүү, дайынсыз жоголгон) уюштуруп, жасагандыгы аныкталды.

Рысбек Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон, бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда М.Раимбеков, ошондой эле унаанын артында отуруп кылмышты көзөмөлдөгөн Камчы Көлбаев  калган. Буга байланыштуу А.Анапияев менен Б.Самсалиев Көлбаевдин чыгышын күтпөстөн, Р.Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Бул фактылар Камчы Көлбаевдин кишиси (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды. Анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбай турганы айтылды.

УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөттө: Рысбек Акматбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты