УКМК: “Керемет Банктын”  активдерин чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  (УКМК) алдамчылык фактысы боюнча катталган кылмыш ишин тергөө учурунда 97,45% акциясы мамлекетке таандык болгон «Керемет Банк» ААКнын активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу менен ири кредиттерди берүү аркылуу мыйзамсыз жагдайларды аныктаган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери тарабынан «Риола» ЖЧКсына 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кредитке макулдук берилип, аны колдоо максатында банкка баасы жогорулатып коюлган мүлк берилгени аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул келишимде “Карвен групп” холдингинин ээси Генрих Балян күрөөнү мыйзамдуу сатуучу катары чыгып, “Керемет Банк” ААКнын мурдагы жетекчилигинин демилгеси менен иш алып барганы аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул келишимде “Карвен групп” холдингинин негиздөөчүсү Генрих Балян үчүнчү жак статусуна ээ болгонуна карабастан, «Керемет Банк» ААКсы жана көйгөйлүү болгон карыз алуучу «Риола» ЖЧКсы менен жарандык-укуктук келишим түзүү жолу менен мурда ага таандык болгон, Банкта күрөөдө турган кыймылсыз мүлктү сатып алып, ошону менен «Риола» ЖЧКсынын жалпы суммасы 148 млн сом болгон карызын толугу менен төлөп берген.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш иши токтотулду.

“Karven Group” компанияларынын кожоюну Генрих Балян «Керемет банктагы» насыя карызын төлөө үчүн УКМКнын атайын эсебине 60 миллион сом которгон.

Алдамчылыкка шектелген Генрих Балян ушул жылдын 15-июнунда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ишкер мамлекеттик үлүшү бар банктан алдамчылык менен 2 миллион 300 миң доллар насыя алган жана кайтарган эмес.

Сүрөттө: Генрих Балян. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты