​Ишкер Генрих Балян УКМКнын эсебине 60 миллион сом которду

  • 3 года мурун

“Karven Group” компанияларынын кожоюну Генрих Балян УКМКнын атайын эсебине 60 миллион сом которду.


Бүгүн, 17 – июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Генрих Баляндын баш коргоо чарасын аныктайт.

Генрих Балян акчаны “Росинбанк” азыркы “Керемет банктагы” насыя карызын төлөө үчүн которгон.

“Алдамчылыкка” шектелген Генрих Балян 15-июнда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ишкер мамлекеттик үлүшү бар банктан алдамчылык менен 2 миллион 300 миң доллар насыя алган жана кайтарган эмес.

Аны менен кошо “Росинбанкта” 2013 – жылдын 2017 – жылга чейин банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеген Александр Ким дагы камакка алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты