УКМК кармап, кийин үй камагына чыккан фирма жетекчиси асынып алган

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан кармалып, кийин үй камагына чыккан “Тоң Манжылы Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Мирбек Исмаилов үйүнөн асынып каза болду.   

Бул маалыматты “Азаттыкка” Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн тастыктаганын жазып, маркумдун сөөгү бүгүн, 15-мартта, жерге берилгенин кабарлады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталганын, ал боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын билдирген.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

2024-жылдын 1-мартында бул кылмышка катыштыгы бар делген шек менен «Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын подрядчы фирмасынын башкы директору И.М.С. кармалып, Каракол шаарындагы № 23 тергөө абагына киргизилген.

Ысык-Көл облустук сотуна Мирбек Исмаиловдун жактоочусу апелляциялык арыз менен кайрылып, шектүү 12-марттан 28-апрелге чейин үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты