“Тоң Манжылы сервис” фирмасынын башкы директору кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталды жана ал боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланып жатат.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

2024-жылдын 1-мартында бул кылмышка катыштыгы бар делген шек менен «Тоң Манжылы Сервис» ЖЧКсынын подрядчы фирмасынын башкы директору И.М.С. кармалып, Каракол шаарындагы № 23 тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери улантылып жатканы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты