УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсүн кармады

Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнүн акча каражаттарын чет өлкөгө көзөмөлсүз электрондук капчыктар колдонуу менен чыгарып турган Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Б.Ш.С. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди..

Маалыматка ылайык, кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында 29-ноябрда ага кылмышка кошо катышуу деген айып тагылып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2024-жылдын 4-январына чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Б.Ш.С. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, ал кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап алып, акча чогултуп жатканын билип туруп, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен макулдашып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо аракеттерин жасап жүргөнү аныкталды.

Тактап айтканда, Б.Ш.С. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн акча каражаттарын чет өлкөгө электрондук капчык колдонуу менен чыгарып турган.

Андан соң, криптовалюта менен алектенген адамдар менен болгон байланыштары аркылуу, алынган каражаттарды чет өлкөдөн накталай акчага айлантып, “комиссиялык пайыздары” менен алып турган. Б.Ш.С. узак убакыт бою уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн капиталын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруу менен алектенген.

Алынган маалыматтарга ылайык, Б.Ш.С. Бишкек шаарынын аймагында бир катар кыймылсыз мүлк объектилерине ээлик кылганы аныкталды, алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерге мыйзамдуулукту берип туруу үчүн колдонулган.

Тактап айтканда, Salon” эмерек дүкөнүнүн (жайгашкан дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көч., аянты 403,2 чарчы метр), “Elegance” эмерек дүкөнүнүн (жайгашкан дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көч., аянты 403,2 чарчы метр), “Imperator” эмерек дүкөнүнүн (жайгашкан дареги: Бишкек ш., Ахунбаева көч., аянты 403 чарчы метр) ээси. Мындан тышкары, ал төмөнкү даректерде жайгашкан жер участокторуна ээ: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 68, 70, 72, жалпы аянты 1222 чарчы метр учурда кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн курулушу жүрүп жатат.

Б.Ш.С. бардык кыймылсыз мүлк объекттерин өзүнүн жакын туугандарынын атына, анын ичинде энеси менен уулуна каттаткан. Тактап айтканда, апасынын наамына Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү аянты 300 кв.м. болгон элиталык батир (пентхаус), Ахунбаев көчөсүндөгү аянты 406 кв.м. болгон элиталык жер үй катталган. Ошондой эле, уулунун наамына Бишкек шаарынын Ош кесилиши дарегинде жайгашкан, 402,0 кв.м. кымбат баалуу элиталык үй жана Рысмендеев көчөсүндөгү аянты 930,0 кв.м. болгон үй катталган.

Бул иш боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты