УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармады
- 4 месяца мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун маркум лидери, мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) чөйрөсүнүн мүчөсү С.Д.О. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жаран чет мамлекеттердеги кылмыштуу уюмдар менен байланышы болуп, кылмыш чүйрөсүндө “Мыйзамдагы ууру” макамына чейин көтөрүлүү амбициясы болгон.
Кармоо жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө С.Д.О.дон ок атуучу курал (“Макаров” тапанчасы), ошондой эле 4,57 грамм баңгизаты табылган.
Табылган баңги заттын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (сатуу максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, алынган ок атуучу куралдарга жана баңги заттарына тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү– С.Д.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.Тергөө иштери улантылууда.
Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




