УКМК: «Каганат Resort» негиздөөчүлөрүнүн бири камакка алынган

Мурда маалымдалгандай, уюшкан кылмыштуу топко, Камчы Көлбаевге (К.Асанбек) кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, 4-октябрда Азрет Боотаев  кылмышка шериктеш катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тактап айтканда, Азрет Боотаев «Каганат Resort» эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана «Аврора Групп» ЖЧКнын ээси, башкача айтканда, К.Асанбектин (Көлбаев) бизнес өнөктөшү катары иш алып барат.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

«Ошол эле учурда, кээ бир ЖМКларда Бишкек шаарынын, Курултай көчөсүнүн 53 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк башка жаранга тиешелүү делип жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт.

Кеңешбек Молдобаев өзү жогорудагы даректе жашай турганын буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген, бирок, иш жүзүндө ал төмөнкү даректе жайгашкан кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналат: Бишкек ш.,Курултай көч., №49, төмөндө айтылган даректен башка кыймылсыз мүлк болуп саналат, кылмыш иши козголуп жаткан жана К.Асанбек менен тыгыз байланышта болгон Азрет Боотаевдин мүлкүнө жакын жайгашып, ал кыймылсыз мүлк төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Курултай көчөсү, 53 Боотаевдин мүлктөрүнүн арасында жана кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Азрет Боотаевдин атасы Боотаев Түркмөндүн наамына катталган» деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты