УКМК «Кадастр» ишканасынын дагы бир кызматкери кармалганын билдирди

  • 2 года мурун

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, кармалган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, далил документтер табылганы, да УКМКнын тергөө абагына камалганы айтылат. Шектүү айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча айыпталууда.

Бул иш боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери, Нариман айыл аймагынын мурдагы жана азыркы башчылары, аталган мекеменин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу жетекчиси да камалган.

Өткөн жумада «Кадастр» мамлекеттик кызматынын Кара-Кулжадагы филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу коррупцияга байланыштуу кармалганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты