УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун пара талап кылган активдүү мүчөсүн кармады

  • 9 месяцев мурун

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча «көзөмөлчү» («смотрящий) кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта мындай деп айтылат:

«11-октябрда УКМК тарабынан кылмыштын бирдиктүү реестринде катталган материалдын алкагында кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган (пара талап кылуу) кылмыштын негизинде козголгон иш боюнча Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча «көзөмөлчү» («смотрящий) М.А. К. кармалды.

Кармалган киши зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө М.А..нын жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ага дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды.

Кармалган киши УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Карамлган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты