УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо боюнча казак ишкерине издөө жарыяланды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген, «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстандн ири бизнесмендеринин бири – Ерканат Жумабеков тарабынан каржылоо фактылары аныктаганын атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жумабеков Камчы Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип, опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу менен алектенген. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланыш түзгөн.
Ошол эле учурда Ерканат Жумабеков кылмыш дүйнөсүнүн лидери менен достук мамиледе болуп, Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында Көлбаев менен бир нече жолу бош убактысын жана жолугушууларын өткөргөн. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин жакын туугандарына Алматы шаарынын аймагына барганда ар тараптуу каржылык жардам көрсөткөнү аныкталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Ерканат Жумабековго Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланды.
Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттө: Ерканат Жумабеков. УКМК басма сөз кызматы