УКМК «Көлбаев менен Матраимовго байланышы үчүн бошотулгандардын ордуна президенттин жана УКМК төрагасынын кишилери алынып жатат» дегенге жооп берди

  • 5 месяцев мурун

Улуттук  коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК)  “Сейит Ажыкан” ысымындагы Фейсбук колдонуучу тараткан “кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Райым Матраимов менен байланышы үчүн кызматынан бошотулгандардын ордуна президенттин жана УКМК төрагасынын кишилери кызматка алынып жатат” деген маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирди.

“Бош орундарга кабыл алуу конкурстун жана кадрдык резервдин негизинде жүргүзүлөт” деп айтылат УКМК  маалыматында.

Ошондой эле УКМК басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, “Сейит Ажыкан” аккаунтунун колдонуучусу Орусия жараны, 1979-жылы туулган, улуту кыргыз, Ажыканов Сейитбек Кадыркулович экени аныкталды. Ал учурда АКШда жашайт.

“Тилекмат Куренов” деп таанылган Кудайберди уулу Тилекматтын жакыны жана өнөктөшү Ажыкановго жапырт башаламандык уюштурууга чакыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК атайылап жалган маалымат таратуу үчүн мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.    

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жана Раимбек Матраимовдун мафиясынын мүчөлөрү менен байланышы үчүн мамлекеттик органдардын 180ден ашуун кызматкери кызматынан бошотулду. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты