УКМК: Чыңгыз Жумагуловду кармоо жана уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ( УКМК) айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Чыңгыз Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

«УКМК козголгон кылмыш иштин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул иштин алкагында 2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Ч.Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат. Ошол эле учурда социалдык тармактардагы топтордун ээлерин маалыматты дыкат текшерип, коомчулукту адаштырбоого үндөйт» деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго ок атылганы айтылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Ал эми бул видео тасмада Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракети учурунан деп социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жарыяланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты