«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Жумагуловго ок атылганын ЖМКлар жазышты

  • 2 года мурун

«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго ок атылганы айтылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Азырынча укук коргоо органдары тарабынан жооп бериле элек.

«Акипресс» агенттиги окуя Аламүдүн районунда болгонун жазды. Маалыматка ылайык, Жумагуловдун машинесине ок атылып, ал качып кеткен.

Эске салсак, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы 9-апрелде Чыңгыз Жумагулов жана эки жан жөкөрү Тентиев жана Айдакеев менен Бишкек шаарынын Москва көчөсүнөн эки адамды катуу сабашкан.

Бирөө эс учуна келбей ошол эле күнү кайтыш болгон. Экинчи адам эртеси көз жумган.

Бул ишке катыштыгы бар делинген Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеев 13 жылга, ал эми Чыңгыз Жумагулов 5 жылга эркинен ажыратылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган адамдар мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин оперативдик реестринде турушат.

Былтыр ал эркиндикке чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты