УКМК Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри кармалганын билдирди   

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри С.Т.К. кармалганын билдирди.

«Аталган С.Т.К. «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев (К.Асанбек) менен жакын мамиледе болгондугу аныкталып, анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында К. Асанбектин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган. Мындан тышкары С.Т.К. криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган» деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

2025-жылдын 13-мартында чогултулган материалдардын негизинде С.Т.К. кармалып, Октябрь сотунун токтомунун негизинде юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын  №21 мекемесине киргизилген.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты