УКМК: Адам уурдоо фактысы боюнча кримтөбөл Камчы Көлбаевдин туугандары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) колдоосунан пайдаланып, өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн айрым адамдар тууралуу маалымат келип түшкөн.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча,  жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Камчы Көлбаевдин туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. тарабынан күч колдонуу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкандыгы аныкталган.

Козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам уурдоо фактысы боюнча Ж.Э.А. Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жана тергөө улантылып жатканы маалымдалды.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты