«Copy-Paste»-2: УКМКнын коопсуздук боюнча берген кеңештери плагиат (Фактчекинг)

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы Кыргызстандын УКМКсы тараткан “Азгырууга туш болсоңуз эмне кылуу керек?” деген кеңештин Украинанын коопсуздук кызматынын сайтынан көчүрүлүп алганын жана 100% плагиат экенин аныктап чыккан.

“ПолитКлиника” медиасы УКМКнын сайтындагы башка коопсуздук кеңештерин да анализдеп көрдү. 

“Коопсуздук боюнча кеңештеринин” дээрлик баары Украиналык сайттан алынган

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2021-жылы 16-августта “коопсуздук эрежелери жөнүндө” кеңештердин тизмесин жарыялаган. Анда террористтик чабуулдардан баштап кибер коопсуздукка чейин жарандар өздөрүн кантип коргоосу керектиги айтылат. 

  1. “Сизди барымтага алса эмне кылууңуз керек?”

Террористтер же башка кылмыштуу уюмдар тарабынан барымтага алынганда кандай кадамдарды жасоо керектиги тууралуу маалымат Украиналык атайын кызматтын сайтында 2020-жылы сентябрь айында жарыяланган. 

“Copy-Paste”: УКМКнын коопсуздук боюнча берген кеңештери  плагиат (Фактчекинг) 

Ал эми Кыргызстандын УКМКсы аталган маалыматты 2021-жылы 16-августта жарыялаган. Башкача айтканда, УКМК бул маалыматты бир жылдан кийин тараткан. 

Маалыматтын мазмунун боюнча Украиналык атайын кызмат барымтага алынган жарандарга 15 кеңеш берген. 

“Copy-Paste”: УКМКнын коопсуздук боюнча берген кеңештери  плагиат (Фактчекинг) 

Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын УКМК кызматы барымта жөнүндөгү кеңештин бир да сөзүн өзгөртпөй көчүрүп алган. 

2. “Шектүү предмет тапсаңыз эмне кылуу керек?” 

Украиналык басылмада жарандар шектүү объект тапса кандай кадам кылуусу керектиги баяндалган. Ушул эле коопсуздук кеңешин Кыргыз Республикасынын УКМКсы эки сөзүн өзгөртүп туруп жарыялаганын байкоого болот. 

“Copy-Paste”: УКМКнын коопсуздук боюнча берген кеңештери  плагиат (Фактчекинг) 

3. “Кибер коопсуздук жана купуя маалыматтардын сакталышы”

Украинанын коопсуздук кызматы 2020-жылы тараткан “Кибер коопсуздук жана купуя маалыматтардын сакталышы” боюнча маалыматтар да УКМКнын сайтына жарыяланган. Андагы маалыматтардын да сөзмө сөз көчүрүлүп алганын көрүүгө болот. 

“Copy-Paste”: УКМКнын коопсуздук боюнча берген кеңештери  плагиат (Фактчекинг) 
“Copy-Paste”: УКМКнын коопсуздук боюнча берген кеңештери  плагиат (Фактчекинг) 

4. “Учак террористтер тарабынан барымтага алынган учурдагы кадамдар” 

Коопсуздук боюнча УКМКнын сайтында жалпы алты материал жайгаштырылган. Эң акыркысы “Учак террористтер тарабынан көзөмөлгө алынган учурдагы кадамдар” тууралуу коопсуздук кеңеш Украиналык атайын кызматтын сайтында жарыяланган эмес. Бирок, бул маалымат Россиянын Судогорск облусунун официалдуу сайтында 2020-жылы  жарыяланган. 

“Copy-Paste”: УКМКнын коопсуздук боюнча берген кеңештери  плагиат (Фактчекинг) 

Кызыгы УКМКнын сайтында бул кеңештин автору катары Ниязбеков Усенбек Ниязбекович экени көрсөтүлгөн. Бирок Россиялык сайтта аталган маалымат бир жыл мурда чыккан. 

Белгилей кетсек, “Учак террористтер тарабынан көзөмөлгө алынган учурдагы кадамдар” тууралуу жазган автор катары көрсөтүлгөн Усенбеков Ниязбеков подполковник болгону жана 2019-жылы 47 жашында каза болгону жазылган.

Жыйынтык: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин коопсуздук тууралуу тараткан беш билдирүүсү Украинанын коопсуздук кеңешинин сайтынан ал эми бирөөсү Россиялык сайттан көчүрүлүп алынганы чындык.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты