Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Н.Н.К., каймана аты “Пипи”, ликвидация кылынган К.Асанбектин классташы болгондугу жана мурда анын тапшырмаларын аткарып жүргөндүгү аныкталган

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады..

“Тиешелүү иш-чараларды уюштуруунун жүрүшүндө, H.H.K. KP КЖКнын 101-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча соттолгону аныкталган жана 2007-2008-жылдары Талас облусунун «положенеци» болуп Камчы Көлбаев (К.Асанбек) тарабынан дайындалган. Кыргыз Республикасында кылмыштуу топторду жок кылууга багытталган саясатынын алкагында, 2025-жылдын 22-майында Н.Н.К. УКМКга алынып келинди. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында,H.H.K. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлүгүнөн чыгып, жарандарды кылмыш дүйнөсүнүн жолуна түшпөөгө чакырып, кылмыш идеологиясынан баш тартып, мындан ары КР мыйзамдарын бузбоого милдеттенди” деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты